• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Газа секторунан Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланды - ТИМ

Коом 0

Бишкек, 26.11.23. /Кабар/. Газа секторунан эки кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"КР жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында, ошондой эле Газа секторунда (Палестина) туруксуз абалга байланыштуу КР ТИМинин, КРнын Сауд Аравия Падышачылыгындагы элчилигинин, Россиянын Каир шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн биргелешкен аракенин натыйжасында 24-ноябрда Газа секторунан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы аркылуу Кыргызстандын эки жараны ийгиликтүү эвакуацияланды", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, РФ өкмөтү тарабынан уюштурулган эвакуациялык каттам менен Москвага келгенде аларды КРнын Москва шаарындагы элчилигинин өкүлдөрү тосуп алышып, мейманканага жайгаштырышкан.

Кыргыз тарап Газа секторунан кыргызстандыктарды эвакуациялоого колдоо көрсөткөнү үчүн россия тарапка ыраазычылык билдирет.

КР Тышкы иштер министрлиги Газа секторунан кетүүнү каалаган КР жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди мындан ары дагы улантат.

Пикир

Оставить комментарий