• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Өкмөт гүлбакчасы жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Бишкектеги Өкмөт гүлбакчасы жаңыланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өкмөт гүлбакчасында аянты 2200 чарчы метр брусчатка алмаштырылды. Ошондой эле 325 метр жөнөкөй бордюрлар алмаштырылып, 62 метр гранит бордюрлар оңдолду.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин имаратынын түндүк тарабындагы Чүй проспектисинин Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү брусчаткалар алмаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий