• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. 21-мартта Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Ак-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 3 км, Коммуна айылынан түндүктү карай 6 км, Самат айылынан түштүк-батышты карай 6 км, Исфанадан түндүк-батыты карай 10 км аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калкттуу конуштарында Ак-Суу, Коммуна жана Самат айылдарында жер титирөөнүн күчү 3 балл, Чымкент айылында жана Исфанада 3 балга жакын сезилген.

РИА Новостинин маалыматына караганда, кечээ саат 22:50лөргө жакын Афганистандын түндүк-чыгышында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө коңшу Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Пакистан жана Тажикстанда дагы сезилген.

Пикир

Оставить комментарий