• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте эмерек ишканасында өрт чыкты, жабыркагандар жок

Коом 0


Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Бишкекте Матросов көчөсү 1А дарегинде алдын ала маалыматтар боюнча эмерек ишканасынан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы "Кабар" агенттигине билдиргендей, өрт тууралуу маалымат саат 18:55 келип түшкөн. Өрт жерине 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

"Кошумча маалымат кийинчерээк берилет", - деп билдирди министрликтин басма сөз кызматы.

Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий