• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Путинге Россиянын мамлекеттик кызматкерлерин Кыргызстанга эс алууга жиберүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев РФ президенти Владимир Путинге жана Россиянын аймак башчыларына туристтик тармакта кызматташууну сунуштады.

Ал бул сунушун Кыргызстан менен Россиянын президенттери катышкан VIII кыргыз-россиялык Аймактар аралык конференциясынын жабылышында айтты.

"Россиянын мамлекеттик түзүмдөрүндөгү жана башка мекемелериндеги кызматкерлерин Ысык-Көл жээгинде орун алган санаторийлерде жана өлкөбүздүн башка аймактарында эс алуу, дарылануу үчүн жиберип туруу боюнча макулдашуу түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз", - деди ал.

Ал конокторго, Ысык-Көлдө эс алуу ден-соолук үчүн, спорттук машыгууларды өткөрүү үчүн ылайыктуу экенин айтып өттү. Ошондой эле, Осмоналиев бул аймак бир гана жайкы туризмдеги мүмкүнчүлүктөрү менен эмес, кышкы туризм боюнча да дүйнөгө аты чыгып, жыл сайын абройлуу деген басылмалар Чуңкурчак менен Караколдогу тоо лыжа базаларын алдыңкы деген тизмеге киргизип жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий