• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМКга кайрылган кеминдик кыз. Райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан кызматтык териштирүү башталды

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Нарын облусунун Кемин райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасаган 9 жаштагы Асема Шакированын апасы Орозалиева А.Ж. Кемин районундагы №1 орто мектебинде 2018-жылдан бери дене тарбия жана аскерге чейинки даярдык сабактарынын мугалими болуп иштейт.

"14-декабрда аталган мектептин окуу-тарбия иштери боюнча жетекчиси Насипова А.С. профсоюздук комитеттин төрайымына арыз менен кайрылып, Орозалиеванын этикага жатпаган мамилесин карап чыгуусун өтүнгөн. Учурда билим берүү башкармалыгы тарабынан кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатат. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка кененирээк маалымат берилет", - деп айтылат маалыматты.

Эскерте кетсек, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Кемин районунун 9 жаштагы тургуну №1 орто мектептин администрациясы анын апасын кордошконун айтып, териштирүү жүргүзүүнү суранган.

Пикир

Оставить комментарий