• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан Венгрияда өтүп жаткан гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты

Коом 0

Бишкек, 14.08.22 /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов баштаган делегация Венгрияда өтүп жаткан улуу гунн жана түрк элдеринин курултайына катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маданият күндөрүнө катышууга барган Кыргызстандын чыгармачылык тобу курултайдын алкагында концерттик программа тартуулашты.

Улуу курултайга ошондой эле Венгрия парламентинин вице-спикери Шандор Лежак, Түрк мамлекеттер уюмунун президенти Багдад Амреев, ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Венгриянын Туран ассоциациясынын президенти, Курултайдын негиздөөчүсү Андраш Жолт Биро катышты.

Азамат Жаманкулов курултайдын расмий ачылышында сөз сүйлөп, ата баба мурасынын маңызы болгон маданият майрамы менен куттуктады.

Ошондой эле ал, ата бабдан калган тарыхты, салт санааны, үрп адатты, тектеш уруулардын баалуулуктарын жайылтып келе жаткан улуу журттун көсөм окумуштуусу жана антрополог Андраш Бирого ыраазычылык билдирди.

"Улуттук баалуулуктарга, өздүк өзгөчөлүктөргө, алардын сакталышына, жайылышына кам көрүп, түпкү маанисинин бурмаланышына жол бербей, бар турпатын барктап, сырткы таасирден коруп, өркүндөтүп-өстүрүү мезгил талабы", - деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Курултайдын программасында “Атиланын боз үйүндө” көргөзмөнүн ачылышы, аренадагы демонстрациялар, илимий баяндоолор, көчмөндөр жүрүшү, концерттик программа, «Аскерлердин парады», салтанаттуу оюн-зооктор менен желектердин парады коштолду.

Пикир

Оставить комментарий