• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕАЭБ өлкөлөрү агроөнөр жай кадрларын даярдоо жаатында аракеттенүүсүн өнүктүрөт

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-ноябрда видеобайланыш режиминде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси үчүн кадрларды даярдоо жаатында өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү боюнча меморандумдун долбооруна кол коюу аземи болду. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кол коюу аземине ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин билим берүү жана айыл чарба министрликтеринин жетекчилери катышты. Кыргызстандан билим берүү жана илим министрлигинен министрдин орун басары Айгүл Абдраева катышты.

Меморандумда алардын алкагында мүчө мамлекеттер кызматташуу программаларын жана биргелешкен иш-чараларды өткөрүү пландарын даярдап, ишке ашыруу аркылуу өз ара кызматташтыкты чыңдоого даяр болгон билим берүү жаатындагы артыкчылыктуу багыттар аныкталды.

Атап айтканда, документте билим алуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн камсыздоо, көбүрөөк суроо-талап жараткан жана келечектүү адистиктер боюнча биргелешкен билим берүү программаларын жана онлайн курстарды даярдап, киргизүү, кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу ж.б. бир катар багыттар камтылган.

Меморандумдун жоболорун ишке ашыруу мүчө мамлекеттерде жогорку окуу жайлар аралык өнөктөштүк системасын бекемдөөгө, кесиптик компетенттүүлүктөрдүн деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берери күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий