• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги №5 гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 75 пайызга аяктады

Коом 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу план боюнча жүргүзүлүүдѳ жана имараттын курулушу 75% пайызга аяктады. Бул тууралуу Мамкурулуштан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда подряддык уюм тарабынан ички жасалгалоо иштери, терезелер менен эшиктерди орнотуу, ошондой эле электромонтаж, суу менен жабдуу, канализация жана сырткы тармактар иштери аткарылууда. Мындан сырткары кафель, бетондук-гранит, бетондук-мозаикалык жумуштар жүргүзүлүүдѳ. Аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер башталды.

Белгилей кетсек, 375 окуучулук орунга эсептелген билим берүү обьектисинин курулушу 2020-жылдын январында Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарынын эсебинен башталган. Ал эми объекттин сметалык наркы 1 028 600 АКШ долларын түзүп, анын ичинен 472 934 АКШ доллары каржыланды. Кошумча корпустун курулушун бүткөрүү жаңы окуу жылына пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий