• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев согуш ардагерлеринен кабар алды

Коом 0

Бишкек, 08.05.22. /Кабар/. 2022-жылдын 8-майында Жеӊиш күнүн майрамдоонун алдында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Анатолий Августовский жана Надежда Мадраимованун үйүндө конокто болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Кулубаев ардагерлерге бекем ден соолук каалап, аларды келип калган майрамы – Жеӊиш күнү менен куттуктады жана президенттин жылуу сөздөрүн жеткирди.

Куттуктаган соӊ министр ардагерлер менен жылуу маанайда маек курду, жашоо жана тиричилик жагдайлары менен таанышты, ошондой эле алардагы көйгөйлөргө кызыкты. Аны менен бирге өлкөнүн жана Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан ал көйгөйлөрдү чечүүгө зарыл жардамдар көрсөтүлөрүн белгиледи.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Анатолий Федорович 19 жашында Кызыл армиянын катарына Баткен облусунун Сүлүктү шаарынан чакырылганын, согуш убагында ал Москванын жака белинде ички аскер кызматында кызмат өтөгөнүн айтты. 1952-жылы аскерден кайткан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында көрсөткөн күжүрмөндүгү үчүн «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеӊгендиги үчүн» медалы менен сыйланган.

Надежда Ивановна ардагер-блокадачы, тыл эмгекчиси. Анын туулган шаары Ленинград согуштук блокадага алынганда, ал болгону 11 жашта болгон. Согуш убагында токуу фабрикасында иштеген. Өзүнүн каармандык эмгеги үчүн СССРдин 9 сыйлыгы менен белгиленген.

Жолугушуунун аягында министр Ж. Кулубаев ардагерлерге Улуу Жеӊиш майрамынын урматына гүл жана белектер салынган баштыкчаларды тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий