• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмилбек Абдыкадыров: Бишкектин 22 от казаны газга өткөрүлдү

Коом 0


Бишкек, 19.10.23./Кабар/. Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздаган 22 от казан газга өткөрүлдү. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Абдыкадыровдун айтымында, Бишкек шаарында 74 от казан бар. Анын 22си көмүр менен иштеп келген.

“Ал от казандарга жылына 3600 тонна көмүр жагылып келген. Мынча тонна көмүрдөн чыккан ыш өтө чоң көлөмдөгү ыш. Шаарда ыш маселеси курч тургандыктан биз 2023-жылдагы планыбыз боюнча 4 от казанды газга, электр энергияга өткөрмөкпүз. Бирок биз “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен сүйлөшүп, бюджеттен каражат бөлүп, 22 от казандын бардыгын газга өткөрдүк” – деди шаар мэри.

Ошондой эле Абдыкадыров 9 жаңы конуш газдаштырылып, 6 977 үй газ менен жылытууга өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий