• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда айып пул көбөйгөндөн кийин мас айдоочулардын саны 2 эсе азайды

Коом 0

Бишкек, 12.05.23. /Кабар/. Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын эки айында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу мас айдоочулардын саны 49,7%га кыскарды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Такталгандай, 2023-жылдын 8-мартынан 24-майына чейинки аралыкта мас абалында унаа башкарган 728 айдоочу аныкталды. Ал эми өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында 1 миң 448 мас айдоочу кармалган. Ошентип, мас айдоочулардын саны 49,7%га кыскарган.

Мындан тышкары, ушул эле мезгилде ылдамдыкты чектен ашырган 18 миң 185 айдоочу аныкталса, өткөн жылы 21 миң 213 айдоочу аныкталган. Көрсөткүчтөр 14,2%га төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий