• 88.68
  • 95
  • 0.95

11нен 17-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору Кыргызстандын аймагында 17-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 11-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында бир аз кар жаашы күтүлөт.

11-мартта күндүз жана 12-15-март күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Ал эми 16-17-мартта ала булут каптап турат, дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий