• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте таштандыны ташып чыгаруу акысын жогорулатуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Бишкек шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана көмүү боюнча кызмат көрсөтүү акысын жогорулатуу сунушталды. Тиешелүү токтом долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, калк үчүн тарифтин баасы айына бир адамга 41 сом болот. Учурда тарифтин суммасы 22,5 сомду түзөт.

Менчигинин түрүнө карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн 1 метр куб үчүн 361 сом же 1 тоннасына 2430 сомду түзөт. Анын ичинде 81 сом же 1 тоннасына 445 сом өлчөмүндө катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө. Калдыктарды ташып чыгаруу менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн катуу тиричилик калдыктарын көмүү боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн 1 тоннасы үчүн 445 сом өлчөмүндө деп каралууда.

Пикир

Оставить комментарий