• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаровдун сынынан кийин Сокулуктагы мал базар тазалана баштады

Коом 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Бүгүн, 9-январда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы мал базардын абалы менен таанышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров бир катар ведомстволордун жетекчилерине мал базарды иретке келтирүү боюнча тапшырма берди.

“Тапшырманын негизинде №1 жол тейлөө ишканасы Сокулук мал базарындагы ылай-баткак болуп турган жерлерди тазалап, кум-шагыл аралашмасын төгүү иштерин аткарууда. Бардык керектүү оор инженердик техникалар күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Алардын ичинен алты жүк ташуучу унаа, бир грейдер, бир экскаватор, бир жүктөгүч иштеп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий