• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасында кайрадан кезек күткөндөр, учурда 700 жүк ташуучу унаа топтолду

Коом 0

Бишкек, 28.11.17 /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргыз-казак чек арасында кайрадан унаалардын кезек күткөн топтому байкалууда. Бүгүнкү күндө 700 жүк ташуучу унаа бар. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара (МЧК) кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалардын кезек күткөн топтому эки көзөмөл-өткөрмө жайында байкалат. “Ак-Тилек” өткөрмө жайында – 490 оор жүк ташуучу унаа “Чоң-Капканда” – 172.

“Жүк ташуучу унааларды Казакстан тарап 30-35 мүнөт текшерүүдө, ошондуктан да кезек күткөндөрдүн саны көбөйүүдө. Башка өткөрмө жайларда абал жакшы”,-деп айтылат маалыматта.

Мындан 8 саат мурда коомдук активист Болот Ибрагимов өзүнүн интернет баракчасына видео жарыялаган. Анда “Ак-Тилек” өткөрмө жайынан кезек күткөн унаалардын топтому “Гаваи” эс алуу борборуна чейин жеткендиги тартылган.

2017-жылдын 10-октябрынан тарта Казакстан тарап кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайында адамдарды жана жүк ташуучу унааларды текшерүү тартибин күчөткөн. 18-октябрда Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков менен Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, тараптар мамлекеттик чек араны кесип өтүүнүн артыкчылыктуу тартибин талкуулашкан.

Бүгүнкү күндө чек арада толук текшерүүдөн өтүп жаткан жүк ташуучу фуралар боюнча маселе чечиле элек.

2017-жылдын 25-октябрында Ереванда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тарткан. Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган унаалардын саны кыйла азайган, бирок Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, бул сүйлөшүүлөргө байланыштуу эмес.

Пикир

Оставить комментарий