• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий