• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн акысыз автобустун жүрүшү каралууда

Коом 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев социалдык маселелер боюнча жыйында мектеп окуучулары үчүн акысыз автобустарды жүргүзүүнү сунуштады.

Анын айтымында, окуучуларды акысыз ташуу үчүн Шаардык транспорт башкармалыгына муниципалитеттин унаа токтотуучу жайынан 10 автобусту бөлүп берүү керек.

Түлөбаев автобустун чыгымдарын мэрия өзү жабарын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий