• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чуңкурчакка барчу жолдо унаа жолдон чыгып кетип, 6 жүргүнчү жаракат алды

Кырсык 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Аламүлдүн районундагы Чуңкурчак эс алуу жайына барчу жолдо "Хонда Одиссей" үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай калган. Натыйжада 6 жүргүнчү ар кандай жаракат алышкан.

Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий