• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Элчи Абдылдаев Тажикстандын маданият министри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Душанбе шаарында Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын маданият министри Зулфия Давлатзода менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде ушул жылдын декабрь айында дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына арналган биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Тараптар Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги менен Тажикстан Маданият министрлигинин ортосундагы зарыл болгон өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий