• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда бир суткада 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.24. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 8 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 2 өрт катталган.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылында жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн 132 чарчы метр чатыры толугу менен күйгөн. Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бает айылында жолдун боюнда Audi S4 үлгүсүндөгү унаа күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий