• 88.68
  • 95
  • 0.95

ОшМУнун делегациясы Россияда иш сапарда жүрөт

Билим 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) делегациясы Россияда иш сапарда жүрөт. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жетектеген делегация иш сапарын Челябинск шаарындагы жогорку окуу жайлардан баштады. Түштүк-Урал мамлекеттик гуманитардык педагогикалык университетинин ректору Т.Чумаченко баштаган жамаат менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

Челябинск мамлекеттик университетинде болгон иш сапарда окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору И.Бычков менен жолугуп, өнөктөштүк орнотуунун маанилүүлүгү боюнча пикир алышып, бигелешкен келишим түзүштү.

Делегация Түштүк-Урал мамлекеттик университетинде болуп, окуу иштери боюнча проректору И.Савельева, илимий иштер боюнча проректор А.Коржов, тиешелүү жетекчилердин катышуусунда өткөн жыйынга катышты. Жыйынга университеттин ректору А.Шестаков пандемияга байланыштуу онлайн катышты. Эки окуу жайдын жетекчилери биргелешкен билим берүү программасына байланыштуу алдыдагы милдеттер, окуу пландагы өзгөчөлүктөр, финансылык академиялык мобилдүүлүк, консорциум түзүп, эл аралык долбоорлорго өтүнмөлөрдү берүү, илимий-практикалык конференцияларды уюштуруу маселелерин талкуулашты.

Жыйындын соңунда эл аралык мамилелер багыты боюнча кош диплом берүү программасын ишке ашыруу келишимине кол коюлду. ОшМУ Түштүк-Урал мамлекеттик университети менен 2020-жылдан тарта компьютердик илимдер жана математика, аймак таануу, филология багыттары боюнча биргелешкен билим берүү программасын түзүп, кызматташып келет. Бул адистиктерге тапшырып окуп жаткан студенттер эки окуу жайдын тең дипломдорун алышат.

Университеттер биргелешип өткөргөн иш-чараларга катышкан окутуучуларга сертификаттар тапшырылды. Күндүн экинчи жарымында ОшМУнун өкүлдөрү окуу жайдын структуралык түзүмдөрү, борборлору, музейи, спорт комплекстери менен таанышты.

Делегациянын иш сапары Екатеринбург шаарындагы окуу жайларда да уланат.

Пикир

Оставить комментарий