• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзбекстан кыргызстандык студенттерге магистратурага окууга гранттык негизде беш орун берет

Билим 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Өзбекстан Кыргызстанга 2022-2023-окуу жылында “Жибек жолу” эл аралык туризм жана маданий мурас университетинде магистратура программасы боюнча окууга гранттык негизде беш орун берет.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, документтерди тапшыруунун мөөнөтү 2022-жылдын 1-августунда аяктайт.

Арыз берүүчүлөр документтердин электрондук көчүрмөлөрүн кабыл алуу комиссиясынын admissions.univ-silkroad.uz сайтына жүктөөгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий