• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Питерде кыргызстандыктын башына атып кетишкен

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Питерде кыргызстандык октон жаракат алды. Бул тууралуу ЖМКлар жазышууда.

Такталгандай, 13-февралда Кыргызстандын жараны полицияга кайрылган.

“Анын айтымында, Торжковская көчөсүндөгү №3 үйдүн жанында атышуу болгон. Келген милиция кызматкерлери окуя болгон жерден жарадар адамды табышкан, ага учурда издөөдө жүргөн жаран тарабынан травматикалык тапанчадан ок атылган”, - деп айтылат маалыматта.

КР жараны башынын жаракат алып, ооруканада ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

“Ок аткан адамдын "Мерседес Спринтер" үлгүсүндөгү унаасы кылмыш болгон жерден бир нече жүз метр алыстыкта табылган. Кичиавтобус Парголоволук 51 жаштагы Гочиге таандык экени белгилүү болду”, - деп жазат ЖМКлар.

Пикир

Оставить комментарий