• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда тигүүчүлөр жетишсиз – орточо эмгек акы 50 миң сомго жетет

Коом 0

Бишкек, 13.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда тигүү тармагындагы адистердин жетишсиздиги байкалууда. Учурда өлкөдө аларга болгон суроо-талап курч бойдон калууда.

Өндүрүш көлөмү жогорулаган тигүү тармагында эмгектенген ишкерлер кызматкерлер үчүн жакшы жана жагымдуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат: туруктуу эмгек акы, тамак-аш, жатакана, пенсиялык төлөмдөр.

Бирок ага карабастан республикадагы 50дөн ашык тигүү цехке жумушчулар жетишпейт.

Бишкектеги "Салкын" тигүү фабрикасында 3 жылдан бери иштеп жаткан Жылдыз Асаналиеванын айтымында, бул тармак аны эң оболу социалык пакет менен кызыктарган. Шарты да жакшы, айлык акы убагында берилет.

Балдардын, аялдардын, эркектердин кийимдерин тиккен бул ишканада жылына 5 млн даана товардык продукция чыгарылат. Кышы-жайы жумуш болуп турган ишканада тикмечилер үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Эки маал ысык тамак берилет, ал эми алыстан келип иштегендер үчүн жатакана да каралган.

Мындан туура беш жыл мурун "Талас" жеке тигүү ишканасын түптөгөн Кайыргүл Борукеева жумушчуларга түзүлгөн шарт ийгиликтин башаты экендигин баса белгиледи.

"Аймактардагы тигүү цехтери кесипкөй технологдорго муктаж. Бирок ал адис жетишсиз. Таласта жумуш иштеген кыз-келиндер, эркектер болсо биздин командага кошулууга чакырам", - деген ишкер айым аймактардагы тигүү ишканалары жумушчу күчүнө жуктаж экендигин баса белгиледи.

Төмөндө Кыргызстандагы тигүү фабрикалары жана цехтери боюнча маалымат:

Ош облусу

►Араван району — “Жаңы-Араван тигүүчү фабрикасы”, 200 жумушу орун, анын 100ү бош — 0553 60-30-50. Орточо айлык акы 10 миң сом.

“NuSRA” тигүү цехи, 100 жумушчу орун, анын 20сы бош — 0771 31-86-50. Орточо айлык акы 20 миң сом.

ЖЧК “Топ Текс” тигүү цехи, 300 жумушчу орун, анын 55и бош — 0550 25-00-00. Орточо айлык акы 22 миң сом.

►Кара-Кулжа району — “Кулжа” кийим тигүү цехи, 100 жумушчу орун, анын 80и бош — 0773 88-70-23. Орточо айлык акы 20 миң сом.

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл аймагындагы Зарбдар айылында жайгашкан “Baika Textile” фабрика, 300 жумушчу орун, анын 190у бош — 0771 01-01-51. Орточо айлык акы 30 миң сом.

Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын Камчыбеков көчөсүндө жайгашкан “Ново-Спорт” тигүү цехи, 50 жумушчу орун, анын 10у — 0705 59-44-11 50. Орточо айлык акы 30-35-миң сом.

Нарын облусу

►Жумгал району — Чаек айылынын М.Алыбаев көчөсүндөгү кийим тигүүчү цех, 80 жумушчу орун, анын 50ү бош — 0703 288728. Орточо айлык акы 15-20 миң сом.

Нарын шаарындагы Нарын-Сити соода түйүндүн 3-кабатында ЖЧК "Нарын Текстиль" ишканасы, 63 жумушчу орун, анын 20сы бош — 0705 567 006. Орточо айлык акы 20-30 миң сом.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарындагы Жусаев көчөсү № 205 дарегинде жайгашкан “Комфорт микс” тигүү цехи, 100 жумушчу орун, анын 70и бош — 0507 505021. Орточо айлыгы 25 миң сом. Түшкү тамак аш менен камсыз болот.

Каракол шаары, Гебзе көчөсү № 124 “ Салкын” тигүү цехи, 200 жумушчу орун, анын 50сү бош — 0700555936. Орточ айлыгы 25 миң сом.

Балыкчы шаары, З. Казакбаев көчөсү №44/29 жеке ишкер Калыбеков А, 135 жумушчу орун, анын 100ү бош — 0706636333. Орточо айлыгы 25-30 миң сом.

►Ак-Суу району — Кара-Жал айыл аймагындагы Жаңы-Арык айылында жайгашкан “Айко-Сейко” ЖЧКсы, 60 жумушчу орун, анын 30у бош — 0772 557972. Орточо айлыгы 45 миң сом.

Кара-Жал айыл аймагындагы Геология конушунда жайгашкан “Лена-Фешн” ЖЧКсы, 150 жумушчу орун, анын 130у бош — 0704505011. Орточо айлыгы 25-30 миң сом. Ишкана 2023-жылдын июнь айында ишке кирген.

Түп району — Түп айылындагы Ысык-Көл көчөсү №45 “Салкын” ЖЧКсы, 200 жумушчу орун, анын 155и бош — 0700 555936. Орточо айлыгы 25 миң сом.

Ак-Булак айылындагы Усенов көчөсүндө жайгашкан “Салкын” ЖЧКсы, 100 жумушчу орун, анын 52си бош — 0700 555936. Орточо айлыгы 25 миң сом.

Түп айылындагы Элебаев көчөсү (Ак-Дан) жеке ишкер, 70 жумушчу орун, анын 20сы бош — 0700 466416. Орточо айлыгы 20 миң сом.

►Жети-Өгүз району — Кызыл-Суу айылындагы Манас көчөсү №197 “Азияр Фешн” ЖЧКсы, 300 жумушчу орун, анын 150сү бош — 0555 059068. Орточо айлыгы 20 миң сом.

Жоң-Булак айылы, Тыныбеков көчөсү №14 "Бархат" ЖЧКсы, 100 жумушчу орун, анын 70и бош — 0509 101126. Орточо айлыгы 15-20 миң сом.

Тоӊ району — Күн-Чыгыш айыл аймагы, Бөкөнбаев айылы, Кара-Ой жаӊы конушу “Бугу ” фабрикасы, 200 жумушчу орун, анын 130у бош — 0990 188805. Орточо айлыгы 25 иң сом.

Кажы-Сай айылы, Табиев көчөсү №74 “Актис и Ко” фабрикасы, 100 жумушчу орун, анын 45и бош — 0500 395074. Орточо айлыгы 25 миң сом.

Ысык-Көл району Ананьево айылы, Совет көчөсү №1а «АГО Инстайл» тигүү фабрикасы, 200 жумушчу орун, анын 150сү бош — 0772 187412. Орточо айлыгы 25 миң сом.

Орто-Ɵрүктү айылы, Мансуров көчөсү №14 «СН Чопа Фэшн» ЖЧКу, 100 жумушчу орун, анын 67си бош — 0553 276033. Орточо айлыгы 17-18 миң сом.

Жалал-Абад облусу

►Ала-Бука району — Кашкалак айылы Жибек-Жолу көчөсү №33 “Канайым” тигүү цехи, 60 жумушу орун, анын 20сы бош — 0771583456. Орточо айлыгы 10 миң сом.

Ноокен. Сакалды айыл өкмөтү Аримжан айылы Социалдык шаарчанын тигүү цехи, 50 жумушчу орун, анын 20сы бош — 0553500971. Орточо айлыгы 25 миң сом.

Сузак, Көк-аңгак шаары Ленин көчөсү №73 ЖИ. Чомоев Кылычбек, 50 жумушчу орун, анын 35и бош — 077 1232322. Орточо айлыгы 7-8 миң сом.

Токтогул, Жаңы-Жол айыл аймагы Бала- Чычкан айылы “Кеки-Апа” тигүү цехи, 35 жумушчу орун, анын 5и бош — 0708 516340. Орточо айлыгы 15-20 миң сом.

Талас облусу

Бакай-Ата району — Боо-Терек айылы, 50 жумушчу орун, анын 14ү бош — 0502 49 51. Орточо айлык 51 миң сом.

Баткен облусу

Кызыл-Кыя шаары, Асаналиев кɵчɵсү №2 “Глобал Гармент” тигүү фабрикасы, 1000 жумушчу орун, анын 500ү бош — 0772 815582, 0700 800741. Орточо айлык 21-22 миң сом.

Кызыл-Кыя шаары, Гагарин кɵчɵсү №10 “Динамо” тигүү фабрикасы, 170 жумушчу орун, анын 114ү бош — 0707 644466. Орточо айлык 18 миң сом.

Сүлүктү шаары, М.Амраев көчөсү №1 “Сүлүктү” ЖЧКсы, 100 жумушчу орун, анын 25и бош — 0777305044. Орточо айлык 20 миң сом.

Ош шаары

Ош шаары, Г.Ош Кең-сай массиви, Нурматов көчөсү, 3 “Кыргызтекстиль ЛТД” ЖЧКсы, 500 жумушчу орун, анын 200ү бош — 0999 444222. Орточо айлыгы 25 миң сом.

Ош шаары, Памир тракты 1км “Мурас” фабрикасы, 300 жумушчу орун, анын 100ү бош — 0778 493871. Орточо айлыгы 15-20 миң сом.

Ош шаары, А.Шакиров көчөсү, 108/9 “Дастан стиль” ЖЧКсы, 138 жумушчу орун, анын 70и бош — 0778 227255. Орточо айлыгы 30-40 миң сом.

Ош шаары, Кеңеш айылы, тигүү цехи, 50 жумушчу орун, анын 30у бош — 077 8887588. Орточо айлыгы 12-15 миң сом.

Чүй облусу

Сокулук району — Жаңы-Пахта айылы, Манас көчөсү № 21 үй “Айчүрөк” фабрикасы, 200 жумушчу орун, анын 50сү бош — 0559 080608. Орточо айлыгы 50 миң сом.

Жаңы-Пахта айылы, Больничный көчөсүндө жайгашкан “Сool bros” фабрикасы, 100 жумушчу орун, бош орундук жок — 0557 74319. Орточо айлыгы 30 миң сом.

Шопоков шаары, Дзержинский көчөсү, Полотова Гүлнара, жеке ишкер, 100-120 жумушчу орун, анын 60ы бош — 077 8770075. Орточо айлыгы 20-40 миң сом.

Жаңы-Жер айылы, “Миңбай” жаңы конушу “Промода” тигүү цехи, 150 жумушчу орун, анын 20сы бош — 0709 352913. Орточо айлыгы 45-50 миң сом.

Москва району — Беловодское айылы Колхозная көчөсү № 170 “Баян” ЖЧКсы, 160 жумушчу орун, анын 100ү бош — 0779 062705. Орточо айлыгы 35 миң сом.

Аламүдүн району — Аламүдүн айылы, Суворов көч. №1 “Соллисо” ЖЧКсы, 80 жумушчу орун, анын 20сы бош —0557 55 70 02. Орточо айлыгы 30 миң сом.

Ленин айылы , Речная №7 көчөсү “Ак-Тиз” ЖЧКсы, 80 жумушчу орун, бош орундук жок — 0500 39 50 74, 0554 39 50 74. Орточо айлыгы 30 миң сом.

Бишкек шаары

Свердлов району — Дордой базарынын ичиндеги Орто-Сай көч, "Анур Текс" ЖЧКсы, 83 жумушчу орун, анын 8и бош — 0700813381. Орточо айлыгы 50 миң сом. Бекер тамак менен камсыз болот.

Орто-Токой көч., 13 “Алекс Стайл” ЖЧКсы, 66 жумушчу орун, анын 6сы бош — 0555 023483. Орточо айлыгы 50 миң сом.

Элебесов көч., 151 “Экстра Текстиль” ЖЧКсы, 60 жумушчу орун, анын 4ө бош — 0706 267563. Орточо айлыгы 50 миң сом.

Дордой базарынын ичинде “Мануфактура Амина” ЖЧКсы, 50 жумушчу орун, анын 3ө бош —0 777 771712. Орточо айлыгы 50 миң сом.

Абдрахманов көч., 201 “АГО Инстайл” ЖЧКсы, 50 жумушчу орун, анын 5ө бош — 0772 187412. Орточо айлыгы 50 миң сом.

Октябрь району — Анкара көч.1 “Швей Профит” ЖЧКсы, 81 жумушчу орун, анын 60ы бош — 0508 120443. Орточо айлыгы 50 миң сом.

Ч.Валиханов көч.7 “Текстиль Транс” ЖЧКсы, 250 жумушчу орун, анын 50сү бош — 0559 333180. Орточо айлыгы 20-25 миң сом.

►Биринчи май району — Мессароша көч., 76б “Феникс флай” ЖЧКсы, 75-80 жумушчу орун, анын 10у бош — 0550 373355. Орточо айлыгы 15-20 миң сом.

Киев көч., 77 “Илбирс” ААКсы, 175 жумушчу орун, анын 10у бош — 0312 622 284. Орточо айлыгы 25 миң сом.

Чолпон-Ата көч., “Текстиль транс” ЖЧКсы, 440 жумушчу орун, анын 164ү бош — 0559 333180. Орточо айлыгы 20-25 миң сом.

Ленин району — Гагарина к., 111 “Раяна” ЖЧКсы, 50 жумушчу орун, анын 10у бош — 0556 647777. Орточо айлыгы 30 миң сом.

Бишкек ЭЭА, «Салкын» ЖЧКсы, 244 жумушчу орун, кошумча 400 жумушчу керек — 0772 575738. Орточо айлыгы 35-50 миң сом. Эки жолу тамак аш менен камсыздайт, 24 кишиге жатакана берилет.

Бишкек ЭЭА, «Фая Текстиль» ЖЧКсы, 82 жумушчу орун, анын 10у бош — 0550 899140. Орточо айлыгы 30 миң сом.

Дэн Сяопин к., 34 “Датка” ЖЧКсы, 80 жумушчу орун, анын 15и бош — 0705 705268. Орточо айлыгы 35-50 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий