• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкекте кайсыл жерлерде көмүр сатылууда? Даректери

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы шаардын кайсыл даректеринде көмүр сатылып жаткандыгы тууралуу айтып берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкекте көмүр төмөнкү даректерде сатылууда:

Ленин районунун аймагында 7 көмүр базасы бар:

  • Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасы. (Кара-Кече көмүрү);
  • Мурманск көчөсү, 45/2 дарегиндеги “Кара-Тоо” ЖЧКсы(мурдагы "Торг-Синтез" ЖЧКсы) (Кара-Жыра көмүрү);
  • Мурманск көчөсү, 122, 122а дарегиндеги “Береке” ЖЧК(Кара-Кече көмүрү);
  • Мурманск көчөсү, 1Б дарегиндеги “Беш Сары" ЖЧК (Кара-Кече көмүрү);
  • Коргоо министрлигинин Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегинде жайгашкан көмүр базасы (Кара-Кече көмүрү);
  • Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегиндеги “Болотбеков” жеке ишкер (Кара-Кече көмүрү);
  • Мурманск көчөсү, 1Б дарегинде түштүк тараптан киргенде “Золотая корпорация” ЖЧК (Шабыркүл көмүр).

Октябрь районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги:

  • "Төкөлдөш" конушу "Аламүдүн" станциясында "Глобал Азия Пропертиз" ЖЧК.

Свердлов районундагы көмүр сатуу пунктунун дареги:

  • Достоевский көчөсү, 1 дарегинде ИК «Гефест».

Бишкек мэриясы шаардыктарды күз-кыш мезгилине карата көмүрдү алдын ала камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий