• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Атамбаевдин президенттигинин учурунда сын-пикирлерге карабастан, туруктуулук орноду – Казакпаев

Коом 0

Бишкек, 08.09.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Саясат таануучу Марат Казакпаев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин кызматтык учурундагы 3 жетишкендикти атады.

“Кыргызстандын президенти А.Ш. Атамбаев: ишинин жыйынтыгы (2011-2017-жж.)” аталыштагы тегерек үстөлдө саясат таануучу жетишкендиктердин биринчиси – ЕАЭБ жана Бажы Биримдиги (ББ) өлкөлөрүнө кирүү болгондугун айтты. “Албетте бул багытта кемчиликтер бар. Бирок алардын баары чечиле турчулар. Экинчиси бул алыскы горизонтко чыга алгандыгы. Президент эки жолу Европада болду. Ошондой эле кыргыз-өзбек мамилелеринин жанданышы”,-деп, андан сырткары ички саясатта да бир топ жылыш болгондугун кошумчалады.

“Сын пикирге карабастан эң башкы жетишкендик – бул туруктуулук. Биз саясий система боюнча туура багытта бара жатабыз. Жемкорлук менен күрөшүүдөбүз. Биометрикалык шайлоолорду өткөрүп жатабыз. Сөз эркиндигин да сактап калдык. Оппозициянын үну угулууда”,-деди Казакпаев.

Пикир

Оставить комментарий