• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Светтик өлкө деген сөздү алып салсак, диний уюмдардын укуктары чектелип калат - Аманалиев

Коом 0

Бишкек, 27.11.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Конституциянын жаңы долбоорунда светтик өлкө деген сөздү алып салсак, диний уюмдардын укуктары чектелип калат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Конституциялык кеңешменин “Конституциялык түзүлүштүн негиздери” секциясынын жетекчиси Урмат Аманалиев билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 26-ноябрдагы жыйында Кыргызстан - светтик мамлекет тууралуу сөз болду.

“Мамлекеттик диний иштер боюнча тармакта иштеген адамдын айтымында, Кыргызстанда 30га жакын диний уюм бар экен. Эгер биз “светтик” деген сөздү алып салсак, анда алардын ар биринин укуктары чектелип калат. Ар бир диний уюмдун бирикме, уюм болуп түзүлүшүнө мамлекет тарабынан кандайдыр бир укуктук жөнгө салуулар каралышы үчүн 1-беренеге Кыргызстан - светтик мамлекет деп көрсөтүлөт", - дейт ал.

Аманалиев кошумчалагандай, Баш мыйзамдын 10-беренесинде диний уюмдар өздөрүнүн иш-аракеттерин жүргүзө алат, бирок мамлекеттик саясаттын ишине кийлигише албастыгы жазылат.

Пикир

Оставить комментарий