• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду

Коом 0

Бишкек, 13.02.22. /Кабар/. Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Маалыматты Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Конгантиев Молдомуса Ташболотович 1958-жылдын 31-мартында Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Адистиги-укук таануу. Юридикалык илимдердин кандидаты. Милициянын генерал-лейтенанты атайын наамга ээ.

Милицияда кызмат өтөөнү кенже жетекчилик курамдан баштаган.

Ички иштер органдарындагы кызматын ал 1979-жылы күзөт бөлүмүнүн милиционери болуп баштаган, андан ары ал нөөмөтчү, участкалык инспектор, ОБХСС ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери болуп иштеген. 1993-жылдан тартып Жалал-Абад шаарынын ИИБнын начальнигинин орун басары, 1995-жылдан Жалал-Абад облусунун ИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген, кийинчерээк ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген.

2008-жылдын январында ички иштер министри болуп дайындалган. КРнын ички иштер органдарында кызмат өтөө мезгилинде өзүн укук коргоо органдарынын системасын жакшы билген жогорку кесипкөй жана демилгелүү жетекчи катары көрсөткөн. Анын аракетинин аркасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин материалдык-техникалык базасын толугу менен жакшыртуу боюнча практикалык чаралардын комплекси ишке ашырылган.

Молдомуса Конгантиев жогорку жоопкерчилик менен мүнөздөлүп, айырмаланчу, жаш кызматкерлер үчүн кынтыксыз кызматтын үлгүсү болуп саналат.

Ал милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон. Ар кандай мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга ээ болгон. Милициянын генерал-лейтенанты наамына чейин кызмат өтөгөн, бирок анын үлүшүнө оор сыноолор түшкөн.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши жана Генералдар клубу, ошондой эле ИИОнун өздүк курамы отставкадагы милициянын генерал-лейтенанты Конгантиев Молдомуса Ташболотовичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына терең кайгырып, туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат. Орду толгус оор жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөбүз. Молдомуса Ташболотовичтин жаркын жана боорукер элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Пикир

Оставить комментарий