• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зулушев соттун чечимисиз жарандарды тыңшоо мыйзам долбоору боюнча: Адамдын укугу кол тийгис болушу керек

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 9-февралда башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, УКМКнын соттун чечимисиз жарандарды тыңшоо боюнча мыйзам долбоору тууралуу оюн билдирди.

“Менин жеке оюмда, адамдын жеке жашоосуна кийгилишүү сөзсүз түрдө соттун уруксаты менен болушу керек. Адамдын укугу кол тийгис болуп, эркин болушу керек. Кандай максатта ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилгенин мен таанышып чыгайын. Андан кийин оюбузду билдиребиз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетине УКМКнын жарандарды соттун чечимисиз тыңшоо боюнча мыйзам долбоору сунушталган.

Пикир

Оставить комментарий