• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы Ош базарында 3,4 млн сомдук акциздик маркасыз тамекини тартып алды

Коом 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкекте Ош базарынын аймагында тамеки буюмдарын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жаткан.

Жалпы суммасы 3,4 млн сомго 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды.

Мындан тышкары, субъектте продукцияга уруксат берүүчү документтер, анын ичинде шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башкалары болгон эмес.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция Кыргыз Республикасынын аймагына контрабандалык жол менен киргизилген.

Белгиленгендей, ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чара көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий