• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2021-жылы токойлордо 17 өрт кырсыгы катталган

Коом 0

Бишкек, 17.02.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мамлекеттик токой фондунун жерлеринде 2021-жылы жалпысынан 36,53 гектар жерде 17 өрт кырсыгы катталып, анын ичинен 9,45 гектар токой баскан аянт жана 1,15 гектар экме токойлору өрттөнгөн. Бул тууралуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 525 миң сомду түзгөн.

Ал эми аталган фактылар боюнча бүгүнкү күндө Талас токой чарбасындагы 56,8 миң сомдук үч факты боюнча күнөөлүү адамдар жеринде аныкталып, келтирилген зыян толугу менен өндүрүлгөн. Калган 468,5 миң сомдук 14 факты боюнча белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыктан келтирилген зыянды өндүрүү жана өрттүн кесепетин аныктоо максатында укук коргоо органдарына тийиштүү материалдар өткөрүлүп берилди, кароодо турат.

Пикир

Оставить комментарий