• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Дүйнө Aйтматовду окуйт" аттуу онлайн флешмоб уланууда

Коом 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө өтүп жаткан "Дүйнө Aйтматовду окуйт" аттуу онлайн флешмобу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин акцияга Кыргызстан, Япония, Кытай, Орусия, Тажикстан, Израил жана башка өлкөлөрдөн Ч.Айтматовдун чыгармаларынын күйөрмандары катышты. Ошондой эле акцияга сентябрь айында Грузия да кошулду. Тбилисидеги А. Грибоедов атындагы орус драм театрынын артисттери “Кылым карытар бир күн”, “Делбирим” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушту. “Кыямат” романынан үзүндүсү грузин тилинде окулду.

Билим берүү жана илим министрлиги аталган акцияны январь айында кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында баштаган. Бул долбоордун негизги максаты - улуу жазуучунун мурасын кеңири жайылтуу, жазуучунун чыгармаларын окуу маданиятын калыптандыруу.

Бул иш-чарага каалагандар катыша алат. Ал үчүн видеого Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүнү жазып алуу шарт. Видеонун башында катышуучу өзү менен жана окуган, жашаган жери менен тааныныштырып кетиши керек. Видеону социалдык тармакка #Aitmatov# educationkg хэштегдери менен жайгаштыруусу зарыл.

Чет өлкөлөрдө окуган кыргызстандыктарга ошол өлкөнүн тилинде үзүндүлөрдү окуу сунушталат.

Акция улуу жазуучунун туулган күнүнө карата 2018-жылдын декабрында аякталат.

Пикир

Оставить комментарий