• 88.68
  • 95
  • 0.95

Салык кызматы Соцфонддо автоматтык түрдө эсептик каттоо кызматын ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 29.02.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы КР Социалдык фонду менен биргеликте жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү учурунда Соцфонд органдарында автоматтык түрдө эсептик каттоо боюнча кызматын ишке киргизди.

Салык кызматынан билдиришкендей, бул кызмат cabinet.salyk.kg сайты аркылуу жеке ишкерлерди жана юридикалык жактарды онлайн каттоодон өткөрүү учурунда жеткиликтүү.

Эми салык төлөөчүлөргө жеке ишкерлерди жана уюмдарды каттоодо Социалдык фонд органдарына каттоо үчүн кошумча кайрылуунун кажети жок.

Белгилей кетсек, каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ катары STI-025 формасындагы салык төлөөчүнүн каттоо картасы берилет. Бул карта салык режиминин негиздерин, каттоо номерин жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүнүн тарифтерин камтыйт.

Жаңы сервис ишкерлерди салык органдарында каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө жана бизнес үчүн жагымдуу экономикалык климатты түзүүгө багытталган.

Эске салсак, буга чейин салык кызматы Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу салык төлөөчүлөрдү салык органына барбастан жеке ишкер же жеке жак катары онлайн каттоо кызматын ишке киргизген.

Пикир

Оставить комментарий