• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-апрелден тарта “Өтүкчү” жана “Кайтпас” бекеттери ачылат. Кимдер өтө алат?

Коом 0

Бишкек, 26.03.21. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. 2021-жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызсандын түштүгүндөгү “Өтүкчү” жана “Кайтпас” бекеттери ачылат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-өзбек тарап 2021-жылдын 1-апрелинен тарта “Кайтпас” (Кыргызстан) жана “Риштан” (Өзбекстан), “Өтүкчү” (Кыргызстан) жана “Туль” (Өзбекстан) өткөрүү бекеттерин ачууну макулдашышты.

“Бекеттерден жарандар, жеңил унаалар жана 20га жакын адам ташыган автобустар өтө алат. Жүк ташуучу унааларга уруксат жок”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100% чечилип, талаштуу жер калган жоктугун билдирди.

Пикир

Оставить комментарий