• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси ИИМге техника жабдууларын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы -- элчи Алексей Рогов менен жолукту.

ИИМден билдиришкендей, тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү, өз ара аракеттенүү планын ийгиликтүү ишке ашырууну, ЕККУнун катчылыгынын Кыргызстандагы баалоо миссиясынын жыйынтыгы боюнча отчетун, ички иштер органдарын реформалоону улантуу жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Кыргыз элине көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ИИМдин көчмө кабылдамаларынын ишине заманбап технологияларды киргизүү максатында ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси Алексей Рогов укук коргоо органдарына техника жабдыктарын тапшырды.

Ички иштер министринин биринчи орун басары элчиге кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүн техникалык жактан камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтүү кызматташууга басым жасады.

“Кылмыштуулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча чет мамлекеттердин укук коргоо органдарынын позитивдүү тажрыйбасын колдонууга сиздин кеңсеңиз тарабынан министрликке берилген мүмкүнчүлүк Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө олуттуу салым кошууда.

Кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн жогорку тажрыйбасын эске алып, ЕККУ биздин ишенимдүү өнөктөштөрүбүздүн бири экенин дагы бир жолу кайталагым келет", -деди Бийбосунов.

Өз кезегинде Алексей Рогов ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси эки тараптуу мамилелерди мындан ары да жемиштүү өнүктүрүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөдөгү коопсуздукту чыңдоо жана кылмыштуулук менен эффективдүү күрөшүү үчүн мындан ары да тыгыз кызматташууну уланта беришин ишендиришти.

Пикир

Оставить комментарий