• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек - Нарын - Торугарт жолу кечкисин ачылып, күндүзү жабылат

Аймак 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 295-296-чакырымдарындагы карды мажбурлап атып түшүрүү иштери аяктады.

Транспорт жана коммуникация министрлигинен билдиришкендей, көчкүдөн түшкөн карды тазалоо иштери жүргүзүлдү.

“Кечки саат 18:00дөн эртең мененки саат 9:00гө чейин жол каттамы убактылуу ачылат. Көчкү түшүү коркунучу бар болгондуктан кайра эртең мененки саат 9:00дөн кечки саат 18:00гө чейин жол каттамы жабык болот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий