• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй жана Ош шаарларына “Автоураган” аппараттык-программалык комплекси берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.10.23./Кабар/. Чүй жана Ош шаарларына “Автоураган” аппараттык-программалык комплекси берилди. Бул тууралуу КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугунк камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) кабарлашты.

Буга чейин Бишкек шаарынын аймагында гана “Автоураган” комплекси иш алып барса, мындан ары бардык облус жана шаарларда иштей баштайт.

Жылдын аягына чейин ЖКККББга 20 даана “Автоураган” комплекси келет. Анын экөө Чүй облусу жана Ош шаарына берилди. Калгандары этап-этабы менен берилет.

"Буга чейин, аппараттык-программалык комплекси менен жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгы жакшы натыйжаларды берип, издөөдө жүргөн, авто унаалар табылып, коомчулук тарабынан жакшы бааланган", – деп кошумчалашты башкармалыктын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий