• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык энергетиктер Азербайжанда эл аралык сынакка катышты

Коом 0

Бишкек, 21.10.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 16-21-октябрь күндөрү Азербайжанда Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына карата түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда энергетиктердин эл аралык конкурсу өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык сынакка Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Татарстан, Түркия жана Түркмөнстан өлкөлөрүнүн жаш энергетиктери катышты.

Кыргызстандын атынан эл аралык сынакка Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери барышты. Сынак жогорку деңгээлде, курч атаандаштыкта өттү.

Кыргызстандык энергетиктер өздөрүнүн ишин так билээрин, кесипкөйлүгү жогору экенин далилдеп, кесиптик чеберчилик боюнча байгелүү орундарды ээлеп, кубок, диплом менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий