• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аюу айылындагы жер көчкүнүн алдынан ата менен баланын жансыз денелери табылды

Коом 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. 2-майда Өзгөн районуна караштуу Аюу айылындагы жер көчкүнүн алдынан куткаруучулар ата менен баланын жансыз денелерин таап чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 18:45те 1978-жылы туулган Коргонбаев Икрамжан Назирбаевич, саат 19:55те 2013-жылы туулган Назирбаев Алмазбек Икрамжановичтин жансыз денелери табылып туугандарына өткөрүлүп берилди.

Издөө иштери түн киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду. Денелерди казып таап чыгуу иштери эртең улантылат.
Аюу айылында жер көчкү алдындагы 21 адамга бүгүн, 2-майда жаназа окулган. Учурда көчкү алдында дагы 20 адам бар. Буга чейин 3 адам табылып, акыркы сапарга узатылган.

Аюу айылында 29-апрелде саат 06:50 чамасында болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү жүрүп, 7 турак үйдү жана 24 адамды басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө адам жашачу эмес. Алдын ала маалымат боюнча, көчкү баскан 24 адамдын ичинен тогузу жаш балдар.

30-апрелде саат 14:15 чамасында көчкүнүн алдынан 2005-жылы туулган Адина Маманова жана 2015-жылы туулган Мадина Хабибиллаеванын денеси табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, бир тууган кыздар ата-энеси менен бирге көчкү алдында калышкан. Алардын денесин тайлары Жалал-Абаддын Түрк-Абад айылында жерге беришти.

Ошол эле күнү куткаруучулар саат 17:40 чамасында 20 жаштагы Гүлайым Назирбаеванын денесин таап чыгышкан. Ал кечээ, 1-майда айылында акыркы сапарга узатылды.

Жер көчкүнүн астында калгандардын эң улуусу — 84 жаштагы Хабибила Разабаев. Ал 75 жаштагы жубайы жана небереси менен кошо ылай алдында калышты. Коңшулары Х.Разабаевдин 17 жаштагы небереси Захит Хабибиллаев аларга учурашуу үчүн келгенин айтышты.

Белгилүү болгондой, көчкүнүн астында калган Хабибиллаев Захит менен Ибрагим уулу Дилшодбек жакын туугандардын уулдары болчу. 2000-жылы туулган өспүрүмдөр 10-класста билим алып жатышкан.

Пикир

Оставить комментарий