• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Ихсан” турак жай кооперативи жарандарга 121,3 млн сомдук зыян келтирген

Коом 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. “Ихсан” турак жай кооперативи жарандарга 121 млн 313 миң 950 сомдук зыян келтирген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Тергөө кызматы учурда мүлкү жана банк эсептери камакка алынган “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана негиздөөчүлөрүнө карата козголгон кылмыш иштерин тергеп жатат.

“Эгер сиз же сиздин жакындарыңыз “Ихсандын” ишмердүүлүгүнүн натыйжасында жабыр тарткан болсо, токтоосуз түрдө Ички иштер министрлигине кайрылса болот. Байланыш телефондору: 0312 26 64 05, 0 709 11 45 74 же 102. Ошондой эле жарандар жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнө дагы арыздар менен кайрылсаңыздар болот”, - деп айтылат маалыматта.

Жарандардан келип түшкөн бардык арыздар ИИМдин Тергөө кызматына жөнөтүлүп, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында каралып, процесстик тартипте чечимдер кабыл алынат.

Бүгүнкү күндө милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча масштабдуу иликтөө, комплекстүү, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий