• 88.68
  • 95
  • 0.95

Арзандады. Кыргызстанда ПЧР-тестти эми 490 сомго тапшырууга болот

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.22. /Кабар/. Бүгүндөн баштап Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде ПЧР-тестти 490 сомго тапшырууга болот. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

ПЧР-тесттин баасы төмөндөтүлүп, азырынча Оорулардын алдын алуу департаментинде гана тапшырылат. Мурда баасы 788 сом болгон.

Эскерте кетсек, бир катар категориядагы жарандарга COVID-19га акысыз ПЧР анализ жүргүзүлөт:

- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;
- Баткен окуяларынын катышуучуларына;
- Эмгектин ардагерлерине;
- 70 жаштан жогору улгайгандарга;
- “Баатыр эне” орденинин ээлерине;
- Майыптыгы бар жарандарга - көрүүсү, угуусу боюнча 1, 2-топтогу майыптарга;
- 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдарга;
- АИВ/СПИД менен жашаган адамдарга;
- 6 жашка чейинки балдарга;
- жетим балдарга;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарына.

Анализди кабыл алуу күн сайын саат 8:30 - 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жыйынтыктар ошол эле күнү саат 18:00 - 21:00гө чейин берилет.

Пикир

Оставить комментарий