• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

М.Абулгазиев Өзгөн районунун Аюу айылындагы жер көчкүдөн каза болгон жарандардын туугандары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев кечээ, 2-майда, Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында жер көчкү болгон жерде каза болгон жарандардын туугандары менен жолукту. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Президент Алмазбек Атамбаевдин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Аюу айылынын тургундарын коопсуз жайга көчүрүү маселеси чечилүүдө. Аюу айылынын жашоочуларын көчүрө турган жаңы жерге электр энергиясы өткөрүлүп, жол, таза суу жага сугат суу маселелери чечилет. Эч ким кырсык менен жалгыз калбайт. Аюу айылынын бардык жабыркаган тургундарына жардам берилет», – деди Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан 100 миң сомдон, ал эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 70 миң сомдон берилди.

Каза болгондордун туугандары менен болгон жолугушууда диний башкармалыктын өкүлдөрү Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу айылында болгон жер көчкүдөн каза болгондорду жерге берүү маселеси боюнча, Кыргыз Республикасынын уламалар Кеңеши тарабынан даярдалган фатва (диний көрсөтмөлөр) тууралуу билдирди.

Анда белгиленгендей, эгерде адам жер көчкүдөн, кар көчкүдөн же там уроодон каза болуп, анын денесин табуу мүмкүн болбосо, анын денеси жаткан жер жерге берилген жайы болуп эсептелинет. Ошол жерге жаназа окуу туура болуп саналат.

Жаназа окулгандан кийин диний өкүлдөр каза болгондордун туугандарына алардын сөөгүн издетүүнү токтотуу маселесин сунуштады.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, 2017-жылдын 29-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айыл өкмөтүндөгү Аюу айылында таңга маал жер көчкү түшкөн.

Кырсык болгон жерде жети турак үй жер астында калып, анда болжол менен 24 адам болгон. Куткаруучулар жана издөө-куткаруу иштерине катышкан жарандар тарабынан каза болгон 3 адамдын сөөгү табылган.

Пикир

Оставить комментарий