• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова: Өкмөт жарандарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү боюнча иш алып барууда

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баалоо миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, саламаттык сактоо тармагы белгилүү бир өзгөрүүлөрдү башынан кечирүүдө жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жүргүзүлүп жаткан реформаларга жардам берип келе жатат.

Ал миссиянын мүчөлөрүнө буга чейин кабыл алынган калктын саламаттыгын сактоо жана 2023-жылга чейин саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүү Программасы боюнча маалымат берди.

Анын айтымында, бардык саламаттык сактоо уюмдары дартты алдын алуу жана профилактика жүргүзүү, жарандарга сапаттуу медициналык жардам берүүнү ушул программанын негизинде жүргүзүп жатат.

«Жүрөк-кан тамыр ооруларынан, кургак учук жана инсульттан өлүмдүн азайышы боюнча көрсөткүч бир кыйла жакшырды. Бирок буга карабай бир катар маселелер бар. Белгилүү бир көрсөткүчтөр жакшырганы менен, эне менен баланын өлүмүнүн саны жогору бойдон калууда. Онкологиялык, жүрөк-кан тамыр, диабет, өнөкөт респиратордук жана психикалык оору, ошондой эле тобокелчилилке барган факторлор (чылым чегүү, спирт ичимдигин ичүү, туура эмес тамактануу жана физикалык жактан активдүүлүктүн жоктугу) Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы маселелерден болууда. Жалпысынан медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу зарыл болуп турат. Ошондой эле дары-дармектердин, жогорку технологиялардын кызматтарын колдонууну жеткиликтүү кылуу, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин чечүү өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынан», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун миссиясынын өкүлдөрү, саламаттык сактоо тармагына анализ жүргүзүп, акыркы беш жылда өлкөдө жасалган реформалар менен таанышып чыкканын билдирди. Алар жетишкен жакшы жактарды белгилөө менен, реформага муктаж болгон маселелерди айтышты. Ошондой эле өкмөт жарандардын ден соолугуна байланышкан маселеге өзгөчө маани берип жатканы жакшы көрүнүш экенин белгилешти.

Алтынай Өмүрбекова өкмөт Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө кошкон салымын жогору баалай турганын жана мындан ары да кызматташуу тереңдей берерине ишеним артарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий