• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызпатенттин директору Керимбаева Сауд Аравиянын элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 31-мартта КР Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Рахат Керимбаеванын жана Сауд Аравия Падышалыгынын элчиси Ибрахим Аль-Радинин эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар Кыргызпатент менен Саудиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун (SAIP) ортосундагы кызматташтык тууралуу талкуулашты.

Рахат Керимбаева Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчикти жана инновациялар жаатындагы ишмердиги, ведомство тарабынан демилгеленип жаткан “40 райондон 40 демилге”, “Аймактарда инновациялык борборлорду ачуу”долбоорлору тууралуу айтып берди. Элчи Кыргызпатенттин инновациялык борборуна келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде, элчи Ибрахим Аль-Ради Кыргызпатенттин чыгармачылыкты, илимди өнүктүрүүдө жана аймактагы таланттарды колдоодогу ишмердигинин маанилүүлүгүн белгилеп, интеллектуалдык менчик ведомстволорунун кызматташтыгы эки өлкөнүн байланышын бекемдөөгө зор салым кошоруна ишенерин билдирди.

Тараптар мындан аркы кызматташуу пландарын талкулоо үчүн бир нече жолугушууларды өткөрүүнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий