• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нью-Йоркто дайынсыз жоголгон кыргызстандык А.Чиркеевдин сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 4-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Нью-Йоркто 3-апрелде дайынсыз жоголгон 20 жаштагы кыргызстандык А.Чиркеевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу “Нью-Йорктогу Кыргызстандыктар” фонду билдирди.

Буга чейин КР ТИМ билдиргендей, АКШдагы КР элчилигине Нью-Йорк шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү 20 жаштагы Кыргызстандын жараны Азиз Чиркеевдин жоголгондугу тууралуу кайрылышкан. Берилген маалыматка ылайык, А.Чиркеев 3-апрелде кечки саат 9да иштен чыгып, үйүнө келген эмес. Ошондон бери анын телефону өчүрүлгөн, кайда экендиги белгисиз болуп келген.

Фонддон белгилешкендей, 30-апрелде Нью-Йорк шаарындагы Сансет-Парк жанындагы East River дарыясынан белгисиз адамдын сөөгү табылган.

“Бүгүн АКШнын иммиграциялык кызматынан алынган маалыматтар өлгөн адам кыргызстандык Азиз Чиркеев экендигин көрсөттү. Патологоанатом дагы ырастады. Манжасынын издери жана рентген сүрөттөрү дагы дал келди”, - деп билдиришти фонддон.

Учурда АКШдагы кыргызстандыктар Азиздин сөөгүн мекенине жөнөтүүгө каражат топтоп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий