• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат

Коом 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу КР Социалдык фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы тартып КР өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.

Аталган келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 212 суроо-талап жиберилген, 210 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.

Келишимдин алкагында Түркия Кыргызстандын 1 жаранына пенсия чектеди.

Пикир

Оставить комментарий