• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте 25-январдан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 24.01.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 25-январдан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик-Баатыр, Жибек-Жолу, Ч.Айтматов проспекттерин камтыйт. Анын узундугу 24 км, ал эми автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт.

Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.

Белгилей кетсек, буга чейин мэрия Бишкекти чоң унаалар менен айланып жүрүүсүн, анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган бир нече чакан шакекчелерди жасоону пландаган.

Пикир

Оставить комментарий