• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Энергетика министрлиги менен кытайлык компания ГЭС куруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытайдын Энергетика иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын директору Чжан Цзяньхуа менен жолугушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар Кыргызстанда гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу маселелери боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай тараптын кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы энергетика жаатында тыгыз кызматташууга үмүт артаарын билдирди.

Пекин шаарында энеретика министри Кытайдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууга катышты.

Жолугушууда министр Ибраев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан гидроэлектростанцияларды жана кичи ГЭСтерди, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу жаатындагы келечектүү долбоорлор боюнча баяндама жасады.

China National Electric Engineering Company кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын энергетика министри China National Electric Engineering Company кытай компаниясы менен гидроэлектрстанцияларды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

Пикир

Оставить комментарий