• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты оңдолууда.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “COVD-19га ыкчам чара көрүү” долбоорунун алкагында аталган оорукананын 3 кабаттуу медициналык корпусун оңдоо иштери башталды. Оорукананын имараты 1989-жылы курулган, пайдаланууга берилгенден бери эч кандай капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Оңдоо иштеринин алкагында эшик, пол, канализация жана суу түтүктөрү, жылытуу батареялары алмаштырылып, ички жасалгалоо иштерин жүргүзүү пландалууда. Ошондой эле электр зымдары алмаштырылып, палаталарга жаңы душ, санитардык түйүндөр орнотулат. Мындан тышкары, имаратка абаны желдетип тазалоо системасы орнотулат.

Министрликтен белгилешкендей, имаратта оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде курч респиратордук вирустук инфекциялар менен ооруган балдар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Шаардык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына жөнөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий